Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу дайындалды


Стамбул шаар, Түркия.
Стамбул шаар, Түркия.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 13-июлдагы жарлыгы менен Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Стамбулдагы Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон. Кийинчерээк Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргенине караганда, Эркин Сопоков учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал 2019-жылы 20-ноябрда кармалып, камакка алынган.

Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Айеркен Саймаитиге жана башкаларга "мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты алып жүргөн" деп айыпталып жатканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG