Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Ооганстанда «Талибандын» чабуулу он кишинин өмүрүн алды


Жарадар болгон ооган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. Саманган провинциясы. 13-июль, 2020-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Саманган провинциясынын борбору Айбактагы чалгын кызматынын кеңсесине 13-июлда чабуул коюлду. Адегенде жанкечти имараттын жанында автоунаасын жардырып жиберген. Андан соң имаратка төрт согушкер кол салган.

Жергиликтүү бийлик согушкерлер менен атышууда Улуттук коопсуздук башкармалыгынын он өкүлү каза тапканын, алтымыштан көп адам жарадар болгон билдирди. Ошондой эле кол салгандар да жок кылынганы маалым болду.

Талибдердин маалымат катчысы Забихулла Мужахид чабуул үчүн алардын кыймылы жоопкерчилик аларын айтты.

Бир күн мурда Кундуз провинциясында жасалган талибдердин кол салуусунан коопсуздук кызматынын 14 өкүлү мүрт кеткен.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани зомбулуктун күчөшү "Талибан" кыймылы менен өкмөттүн тынчтык сүйөшүүлөрүнө кедергисин тийгизип жатканын билдирген.

12-июлда Мужахид өкмөттү сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип жатканы үчүн айыптап, өздөрүндө “согушуудан башка арга калбаганын” билдирди.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG