Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Казакстанда карантин дагы эки аптага узартылат


Казакстанда коронавирустан каза тапкандарды эскерүү күнүндө мамлекеттик туулар түшүрүлдү. 13-июль, 2020-жыл.
Казакстанда коронавирустан каза тапкандарды эскерүү күнүндө мамлекеттик туулар түшүрүлдү. 13-июль, 2020-жыл.

Казакстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантин дагы эки аптага узартылат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 13-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Токаев ошондой эле өкмөт июль айында муктаж жарандарга 100 доллардай жардам төлөп берерин кошумчалады.

Кошуна мамлекетте COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу экинчи жолу карантин 5-июлда киргизилген.

Биринчи жолу пандемия жаңы башталганда, март айында жарыяланган болчу.

Дары-дармек, медкызматкерлер жана ооруканаларда орун жетишпей жатканына нааразылык көп экенине карабай Токаев “кырдаал турукташып баратышынын алгачкы белгилери” жөнүндө айтты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 60 миңге чамалады. Анын 375и каза тапты. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өпкөсү кагынган 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапкан.

XS
SM
MD
LG