Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Британ министри коронавируска байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты


Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов британ ханышасы Елизавета II менен.

Улуу Британиянын Европадагы коңшулаштык жана Америка иштери боюнча министри Уэнди Мортон Кыргызстанга коронавирустан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов менен жолугушуу учурунда билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Эдил Байсалов Кыргызстандагы соңку эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берген. Министр Мортон учурда Британия пандемия менен күрөшкө эл аралык жардамдын бир бөлүгүн кайра бөлүү чечимин кабыл алганын кабарлаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баш болгон эл аралык уюмдарды активдүү каржылап жатканын айткан.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланган.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жана өпкө кагынуусунан каза болгондорду саны көбөйүүдө. 13-июлга карата коронавирус жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти.

Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок. Расмий статистика боюнча пневмониядан каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиянын кесепетин азайтуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG