Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:57

Тажикстандагы абактарда 11 адам пневмониядан каза болду


Дүйшөмбү шаарындагы абак. Тажикстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Дүйшөмбү шаарындагы абак. Тажикстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын түзөтүү мекемелеринде өпкөсү кагынып ооругандардын саны 98 адамга жетти. Алардын ичинен 11 адам көз жумду. Бул маалыматты Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён 13-июлда, Дүйшөмбү шаарында маалымат жыйынында билдирди. Юстиция министри жаза өтөөчү жайларда коронавирус инфекциясы жок экенин билдирди.

Абакта жаткандардын туугандары өлкөдөгү түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында коронавируска чалдыккандар барын айтып келишет. Борбор калаадагы №1 абакта набыт болгон 47 жаштагы Абдулфайз Ражабовдун жакындары ал COVID-19 вирусунан өлгөнүн айтышууда. Колониянын жетекчилиги маркум пневмониядан өлгөнүн билдирген.

13-июлга карата Тажикстанда 6596 адам коронавируска чалдыккан, анын ичинен 5278 адам айыгып кеткен. Оору жуккандан кийин 55 адам көз жумган. Адистер коронавируска чалдыккандардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын белгилеп келишет.

Тажикстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандар тууралуу алгачкы жолу 30-апрелде расмий маалымдалган.

XS
SM
MD
LG