Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

Орусия Кыргызстанга ПЧР тест системасын берди


Бейтаптан ПЦР тест алып жаткан дарыгер. Бишкек. 13-июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бейтаптан ПЦР тест алып жаткан дарыгер. Бишкек. 13-июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберди. Анын ичинде COVID-19 инфекциясын аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы бар. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, жалпысынан 80 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому жана 24 000 изилдөөгө жетерлик 480 тест-системасы келген.

Кыргызстанда коронавирус илдетин аныктоочу ПЧР тест-системаларынын жетишсиздиги айтылып келе жаткан. Буга байланыштуу оорулар менен байланышта болгондорду, сырттан келгендерди обсервацияга алуу алгоритми өзгөртүлгөн. Аймактарда тесттин жетишсиздигинен улам, алынган анализдер аныкталбай, бир нече күндөп муздаткычта кармалган учурлар катталган.

13-июлга карата өлкөдө коронавирус 488 адамга жукканы аныкталды, 15 киши каза болду. Вирусту жугузгандардын жалпы саны - 11 117. Көз жумгандардын жалпы саны 147. Илдеттен 3460 адам айыкты.

Өпкөсү кагынып ооруган 29 адам каза тапты. Март айынан бери 452 бейтап кайтыш болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG