Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Бишкекте митингде кармалгандарга 3 миң сомдон айыппул салынды


Акциянын катышуучуларын милиция кармап кетүүдө. 13.07.2020
Акциянын катышуучуларын милиция кармап кетүүдө. 13.07.2020

13-июлда парламент имаратынын жанында “Шайлоого жол жок!” деген акция өткөрүүнү пландагандардын үчөөнө 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу алардын бири Тилекмат Кудайберген уулу “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, алар милициядан 13-июль күнү кечинде чыгышкан.

“Бизге тартип буздуңар, тил албай койдуңар деп үч миң сомдон айып пул салынды. Ал протоколдордун көчүрмөсү өзүбүздө. Анда башка айып койгон жок”, - деди Тилекмат Кудайберген уулу.

Буга чейин Ички иштер министрлиги 13-июлда Ак үйдүн жанында “Шайлоого жол жок!” деген акция өткөрүүнү пландагандардын үчөө буга чейин Тергөө кызматында тергелип жаткан "бийликти күч менен алууга чакырык" боюнча фактыга тиешеси болушу мүмкүн экенин маалымдаган. Милиция бул күнү аянттан үч киши кармалганын, аларга карата ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Алардан тышкары 13-июлда Ак үйдүн алдында дагы сегиз адам кармалып, кайра кое берилди. Бишкек милициясы ал жерде жалпысынан 25-30дай адам тыюуга карабастан, аянттын ар кайсы жерине чогулганын айтууда. Санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө жана “Тынч митингдер жөнүндө” мыйзамга ылайык алардын арасынан эң активдүү деген сегизи түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилгенин билдирген.

Буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG