Тажикстанда "Ишкобод" чек ара бекетине кол салган жети согушкер кесилди. Жогорку сот алардын ар бирин эки жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратканын билдирди.
Жыл башында бул окуя боюнча тогуз адамга кылмыш иши козголгону маалым болгон.
Расмий маалыматтарга караганда, былтыр 6-ноябрда чек ара бекетине жасалган кол салууда бир чек арачы жана милиция кызматкери каза тапкан. Он беш согушкер жок кылынган.
Кийин "Азаттык" радиосунун тажик кызматы чабуул маалында беш чек арачы набыт болгонун тактаган.
Бийлик бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да эмес.
Улуттук коопсуздук кызматы жыйырма киши кол салганын, алардын бардыгы "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү болгонун билдирген.
Аталган экстремисттик топ дагы чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган.