Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Башкы прокуратура өлкө жетекчилеринин үстүнөн арыз түшкөнүн ырастады


Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жаткан учуру. 13-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жаткан учуру. 13-июль, 2020-жыл.

Башкы прокуратура Раушан Айткулова аттуу жарандан бийлик жетекчилерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз түшкөнүн ырастады. Башкы көзөмөл орган арыздын толук мазмунун айткан жок.

Буга чейин Раушан Айткулова аттуу жаран пандемияда каза болгон адамдардын өлүмү үчүн президентти, азыркы жана мурдагы өкмөт башчыны, өкмөт мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңешке кайрылганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Азырынча арыз жөнүндө президенттин аппараты, өкмөт комментарий бере элек.

Акыркы маалыматка караганда, коронавирус Кыргызстанда жалпысынан 11538 адамдан табылды, алардын ичинен 149 бейтап кайтыш болду, 3569у айыгып кетти. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 497 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши 17-мартта катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG