Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Милиция митингчини "муунтуу" тууралуу видеого жооп берди


Kaktus.media сайтына чыккан видеодон алынган сүрөт.
Kaktus.media сайтына чыккан видеодон алынган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Ак үйдүн жанында кармалган митингчи милиция кызматкерине агрессия көрсөткөнүн билдирди.

Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча жообунда мекеменин басма сөз кызматы кармалган адам милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин оозго алгыс сөздөрдү айтып, агрессивдүү болуп, милиционерге орой мамиле жасап, аны түртүп, бөлмөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын маалымдады:

“Мындай мамилеси менен Ж.Н. атуу жаран милиционерге атайылап чагым кылды. Милиция кызматкеринин түшүндүрүп берүү тууралуу мыйзамдуу талабына жооп берүүдөн баш тартып койду. Ошондуктан милиционерлер аны отургучка отургузуп, андан аркы чагымчыл жана ээнбаштык аракеттерине жол беришкен жок”.

Ошондой эле милиционер ал жаранга даттанып, жетекчисине арыз жазганы, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Ээнбаштык” деген 266-беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталганы айтылды.

13-июлда Ак үйдүн жанында “Шайлоого жол жок!” деген акция өткөрүүнү пландаган 25-30 киши чогулганын, алардын сегизин милиция кармап кетип, кое бергенин райондук милиция кабарлаган. Мындан тышкары ушул эле жерден кармалган үч адам Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен кармалып, кое берилген.

Быйыл күзгө дайындалган парламенттик шайлоону эпидемиологиялык абалга байланыштуу башка убакытка которо туруу талабы менен митингге чыккандардын бирин “милиция бөлүмүндө кызматкер муунтуп жатат” деген видео тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG