Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Министрлик стационарда иштеген студент кыздын өлүмү боюнча түшүндүрмө таратты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13-июлда саат 19:45 чамасында Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы студент кыздын ден соолугу кескин начарлап, денеси карыша баштаган.

40 мүнөттөй жандандыруу аракетинен майнап чыкпай бейтап бир сааттан кийин көз жумган. “Кесиптештеринин айтымында, маркум ага чейин ден соолугу боюнча арызданган эмес”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

“Алдын ала маалымат боюнча өлүмдүн себеби эки тараптуу пневмония. Толук диагноз соттук-медициналык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот”.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Ал Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болчу. Жакындарынын айтымында, Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында чогуу иштегенине 11 күн болгон.

“Азаттык” радиосуна аны менен чогуу иштеген ыктыярчы, өзүн Бекзат Абдрахманов деп тааныштырган жигит 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза тапканын айтып берген. Анын айтымында, “Тез жардам” кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан, жардам көрсөтүлгөн эмес. Медициналык академия азырынча расмий маалымат бере элек.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган.

14-июлга карата коронавирустан, расмий статистика боюнча, беш медкызматкер каза тапты, бул ооруга чалдыккан дарыгерлердин жалпы саны 1875ке жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG