Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Бишкекте адистер 5G технологиясына байланыштуу кайрылуулар боюнча текшерүү жүргүзөт


Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет менен (МТБМК) бир нече тийиштүү мамлекеттик органдар электромагниттик жыштыктардын нурлануусунун деңгээлин текшерет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Мамлекеттик органдар 15-июлда Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда көчмө жыйын өткөрүп, электромагниттик жыштыктардын деңгээлин текшерет. Мындан тышкары "MegaCom" компаниясынын адистери байланыш операторунун жабдыктарды жана келечектеги технолиялык өнүгүү жөнүндө айтып беришет.

“Бул иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке түшкөн кайрылуулар, 5G технологиясынын зыяны жана байланыш операторлорунун мүлкүн талкалоо боюнча социалдык тармактарда тараган кабарларга байланыштуу маалымат берүү иретинде уюштурулуп жатат”, - деп айтылат комитеттин маалыматында.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес жана анын жабдыктарынын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиялары жок, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксатысыз мындай жабдыктарды орното албайт.

Мекеме белгилегендей, фейк маалымат таратуучулар дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байлап, эл арасында радиофобияны күчөтүп жатышат.

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө «5G антенналары вирус жайылтат экен» деген сөз тарап, айрымдар өкмөт бул маселени иликтеши керек деген демилге көтөрүшкөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG