Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Ереван-Баку чек арадагы чатак үчүн бири-бирин айыптады


Азербайжан менен Армениянын чек арасы.
Азербайжан менен Армениянын чек арасы.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдан улам эл аралык коомчулук тараптарды сабырдуулукка үндөп, курчуган абалды сүйлөшүп жөнгө салууга чакырды.

Эки өлкөнүн чек арасындагы Тавуш районундагы ок атышууда Баку төрт жоокери окко учуп, дагы бешөө жараат алганын билдирди. Ераван үч аскери менен эки полиция кызматкери жабыркаганын маалымдады.

Маалыматтарга караганда атышуу 12-июлда башталып, эки күнгө созулган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "Азербайжандын чагымчыл аракеттери жоопсуз калбасын" эскертти. Ал 13-июлда өкмөттүн чукул жыйынында аймактагы туруксуздук боюнча Бакуну күнөөлөдү.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 20 аскери курал-жарак, техникасы менен "жок кылынганын" маалымдаган жана Ереванды жоготуулар тууралуу үн катпай жатат деп айыптаган. Армения мындай маалыматтарды төгүндөп келет.

Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия тараптарды ачууга алдырбоого чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараптарды ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого, Тоолуу-Карабак жаңжалын тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантууга үндөдү.

Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген. Соңку чек ара жаңжалы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин мындай окуялар сейрек катталчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG