Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Боронов: Өзбекстандан 30 миң таңгак гепарин келет


Кубатбек Боронов. Өкмөт үйү. 2020-жыл. 14-июль.
Кубатбек Боронов. Өкмөт үйү. 2020-жыл. 14-июль.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов "жакынкы күндөрү өлкөдө дары тартышыгы жоюлат" деди. Ал мындай пикирин 14-июлдагы онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү таңкыстык коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, айрым жарандардын ашыкча дары алып баштагынан, алып сатарлардын кызыл кулактыгынан улам пайда болду. Учурда өкмөт бир нече өлкө менен сүйлөшүп учак менен дары алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

“Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Нигматович Арипов менен сүйлөштүм. Ал жерде гепарин өндүрүшү бар экен. Бир жуманын ичинде ал жерден 30 миң таңгакты келишим менен алып келүүгө сүйлөштүк. Жакынкы күндөрү таңкыстык жоюлат”, - деди Боронов.

Өкмөт башчы Иран, Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер менен дагы керектүү дарыларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми “өкмөт эмнеге буга чейин алып келген эмес?”– деген суроого, “учурда бардык мамлекеттерде сыртка дары ташуу таттаалдашканын жана ал үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү керек” деп жооп берди.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк бейтаптар канды суюлтуучу антикагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG