Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Түркиядан кыргызстандык дарыгерлер келет


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифингде Түркиядан кыргызстандык дарыгерлер келе турганын билдирди.

"Бизге сырттан келип жаткан ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем. Булар Кыргызстандан келген ыктыярчылар гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдөн медициналык билим алган жарандар. Алардын 38и келген. Жакында дагы 50 ыктыярчы келди. Эртең дарыгер болуп иштеген 18 мекендешибиз Түркиядан келгени жатат".

Премьер-министр атаган 18 дарыгердин бешөө гана өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алганын жана 15-июлда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен кеткенге даяр экендигин "Азаттыкка" билдиришти.

Тизмедеги калган дарыгерлер иштеген жеринен уруксат алганда гана кете алышат. Алар негизинен Түркияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандык дарыгерлер. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин билдирүүсүндө, 15-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс уюштурулат. Бул каттам менен 343 кыргызстандык жаран мекенине жеткирилет. (ElB)

XS
SM
MD
LG