Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Боронов "финансылык жардамды чоңдор жеп жатат" деген сөздү четке какты


Кубатбек Боронов. Өкмөт үйү. 2020-жыл. 14-июль.
Кубатбек Боронов. Өкмөт үйү. 2020-жыл. 14-июль.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы онлайн брифингде “COVID-19 илдетине байланыштуу чет өлкөдөн келген каражаттар өз максатында коротулуп жатат” деп билдирди. Ал коомчулук арасындагы жардам жөнүндө нааразы пикирлерге негиз жок экенин белгилеп, мамлекеттин казынасына түшкөн каражат катуу көзөмөлдөнүп жатат деп ишендирди.

“Финансылык жардамды чоңдор жеп жатат деген чындыкка дал келбейт. Мен премьер-министр катары жоопкер болуп ишендирип кетем. Эгерде кайсы бир кызматкер ушундай ишке бара турган болсо, ал сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат. Финансы министрлиги жана башка тиешелүү кызматтар тарабынан катуу көзөмөлдөнүп жатат”.

Боронов сырттан келген каражаттар COVID-19 илдети менен гана күрөшүү эмес, пандемиядан улам пайда болгон өлкөдөгү каржылык кыйынчылыктарды жоюу үчүн берилгенин кошумчалады. Өкмөт башчы эл аралык уюмдардан жана башка мамлекеттерден келген 600 млн. доллардан ашык акчанын эмнеге жумшалары алдын ала белгиленгенин айтты. Анын маалыматына ылайык, сырттан келген акча коронавирус илдети менен күрөшүүдөн тышкары мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, социалдык төлөмдөр, пенсия жана ишкерлерди колдоого керектелет.

10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат. Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.

Кыргызстандын өкмөтү пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам 2020-жылдагы мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй турганын билдирген. Анын орду сырттан алынган каражат менен толукталары кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG