Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жээнбеков: Оорунун очогунда иштеп жаткан дарыгерлер өзгөчө камкордукка алынат


Сооронбай Жээнбеков түнкү стационарда.
Сооронбай Жээнбеков түнкү стационарда.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт илдеттин очогунда иштеген дарыгерлердин айлыгын көбөйтүп жатканын, аларды өзгөчө камкордукка аларын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы 14-июлда Бишкекте чукул жардамга муктаждар үчүн ачылган түнкү стационарга барып, медицина кызматкерлери менен жолукканда билдирди.

Жээнбеков мамлекет медиктерге ар дайым кам көрөрүн жана мындан ары да аларды колдоого аларын, жумушта жүрүп ооруп калгандарын Ысык-Көлдөгү дарылоочу жайларда реабилитациялоо маселеси каралып жатканын айтты. Дарыгерлерге жардам берген ыктыярчылардын мээнетин белгилеп, алардын эмгеги баа жеткис экенин кошумчалады.

Дары-дармек тартыштыгын жаратпоо маселеси өзгөчө көзөмөлдө турганын айтты.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, азыркы тапта шаарда тогуз күндүзгү жана эки түнкү стационар ачылып иштеп жатат.

Кыргызстандын медициналык мекемелерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн Орусиядан 80ден ашуун ыктыярчы медик мекендеш келген. Жакынкы мезгилде Новосибирск менен Түркиядан да дарыгерлер тобу келгени жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө бул илдет 1875 медицина кызматкерине жукту, алардын 570и айыгып чыкты, бешөө каза тапты.

Июль айында өлкөдө пневмониядан каза болгондор көп катталып жатат.

Өкмөт коронавирустан каза болгондорго жана бул илдетти жугузуп алгандарга компенсация төлөнөрүн убада кылган. Азырынча канчасына акча төлөнүп берилгени расмий айтыла элек.

Өкмөт дарыгерлердин шайы кеткенин, көбү ооруп жатканын айтып, ыктыярчыларды жардамга чакырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG