Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

ӨКМ: “Семетейди” таштандылардан арылтуу иштери жүрүп жатат


Эрнест Бөрүбаев Интернетке тараткан видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Семетей” госпиталынын имараты (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгашкан аймакта тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Андан сырткары аймакты дезинфекциялоо иштери, кошумча таза суу менен камсыздоо, бейтаптарга, медициналык кызматкерлерге шарт түзүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

13-июлда ыктыярдуу түрдө элге жардам берип жүргөн тамада Эрнест Бөрүбаев аталган жайда оор абалда жаткандар менен башкалар аралашып жүргөнүн, ар кандай таштандылар чыгарылбай жатканын видеого тартып Интернетке жарыялаган. Бөрүбаев “Семетей” госпитал жайы көзөмөлсүз калганын айтып, "таштандылар кайда төгүлүп жатат?" деп суроо салган.

14-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов да “Семетей” госпитал жайында бардык шарт бар экенин айтты.

Вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери Бишкектеги ооруканаларга жана стационарлардын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жаткан камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилген. «Семетейге» Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG