Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов пневмониядан каза болду


Абдыкайым Оморов.
Абдыкайым Оморов.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов 63 жаш курагында пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Абдыкайым Оморов 22 жыл Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Экономика тармагындагы алгылыктуу эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти”, Мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси болгон.

2015-жылдан бери парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп келе жаткан.

Жогорку Кеңештин аппараты, төрага Дастан Жумабеков баштаган депутаттар маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG