Орусиянын Екатеринбург шаарынан ал жакта иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык 2 дарыгер, 2 фельдшер жана медайым коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине жардам берүү үчүн келишти. Бул тууралуу коронавируска каршы ыкчам штаб маалымдады.
Алар 14-июль күнү Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 186 кыргызстандык жаран менен чогуу учуп келишти. Маалыматка ылайык, кайтып келгендердин арасында Екатеринбург, Тюмен, Челябинск, Сургут, Новый Уренгой, Курган, Ноябрьск, Пермь Салехард шаарларынан жаш балалуу, кош бойлуу, оорукчан, улгайган, оор турмушта жашап жүргөн кыргызстандык жарандар бар.
Кыргызстандын медициналык мекемелерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн Орусиядан буга чейин 80ден ашуун ыктыярчы медик мекендеш келген. Жакынкы мезгилде Новосибирск шаарынан жана Түркиядан да дарыгерлер тобу келгени жатат.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө бул илдет 1875 медицина кызматкерине жукту, алардын 570и айыгып чыкты, бешөө каза тапты. Июль айында өлкөдө пневмониядан каза болгондор көп катталып жатат.
Өкмөт коронавирустан каза болгон жана бул илдетти жугузуп алган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөнөрүн убада кылган. Азырынча канчасына акча төлөнүп берилгени расмий айтыла элек. (ZKo)