Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

COVID-19: Чүйдө бейтаптарга үймө-үй кыдырып кеңеш берилет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдө коронавирусту жана пневмонияны алдын алуу максатында үймө-үй кыдыруу уюштурулат. Бул тууралуу 14-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев чыгарган буйрукка ылайык, кыдыруу учурунда ооруп жаткандар аныкталып, аларга кеп-кеңеш берилет:

“Анализ жүргүзүлүп, коронавируска жана пневмонияга чалдыккандардын көбү ооруканага абалы оорлоп кеткенде гана барып жатканы аныкталды. Көбү үйдө жатып өз алдынча дарыланып, начарлап кеткенде дарыгерлерге кайрылып жатышат. Элге маалымат жеткирүүдө WhatsApp жана Telegram социалдык түйүндөрү аркылуу да иш жүргүзүлөт”.

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 11538 адамга жукту, алардын 2192си Чүйдө.

Оору жуккан кыргызстандыктардын 3569у айыгып чыкты, 149у кайтыш болду.

Чүйдөгү Жайыл аймактык ооруканасында бүгүн коронавирус жуккан эки бейтап каза тапты, кечээ 13-июлда бешөө көз жумган. Бир ооруканада бир күндө коронавирустан мынча адам каза болгон учур каттала элек болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG