Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Түркмөнстанда поезд каттамдары убактылуу токтотулду


Беткапчан түркмөн аял. Ашхабад. 2018-жыл.
Беткапчан түркмөн аял. Ашхабад. 2018-жыл.

Коронавирус расмий каттала элек Түркмөнстанда 23-июлга чейин поезд каттамдары токтотулду. Анын себебин "Түркмөн темир жолдору" ишканасы түшүндүргөн жок.

Бир күн мурда бийлик жарандарды көчөгө чыкканда «өпкөгө чаң киргизип албаш үчүн» беткап тагынып жүрүүгө чакырган.

Бийлик коронавирус жуктургандар жок экенин билдиргени менен, «Азаттыктын» түркмөн кызматы ооруканалар өпкөсү кагынгандарга толуп калганын, алардын ичинен көз жумгандары көп экенин кабарлап келет.

Ошондой эле өлкөнүн айрым аймактарында бейрасмий карантин жарыяланып, кээ бир өндүрүш ишканалары жабылган.

6-июлда Түркмөнстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы он күнгө барган. Алар кырдаалды жеринен баалап, түркмөн бийлиги менен коронавирусту өлкө аймагында жайылтпоо чараларын талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG