Беларустун президенти Александр Лукашенконун алдыдагы шайлоодо башкы атаандашы болору айтылып жаткан Виктор Бабарикону Боршайком талапкер катары каттоодон баш тартты.
Мекеме 14-июлда билдиргендей, президенттикке ат салышуу үчүн беш талапкер каттоодон өттү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко да бар.
БШК мурдагы банк кызматкери, учурда камакта жаткан Виктор Бабариконун мүлк тууралуу декларациясында алешимдиктер бар экенин жана анын шайлоо кампаниясында чет элдик ишкана катышканын айтып, каттоодон баш тартты.
Активисттер жана дипломаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин дароо сынга алышты.
Виктор Бабарико 18-июнда Минскиде кармалып, үйү тинтилген. Мамлекеттик органдар Бабарико «чет жакка акча чыгарган мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптап жатат. Бабарико бул дооматтарды четке кагып, саясий мүдөөсү бар экенин билдирип келет.
Лукашкенкодон тышкары Андрей Дмитриев, Ханна Канапатская, Сергей Черачан жана Светала Тихановскаяны каттады. Тихановская камактагы блоггер Сергей Тихановскийдин жубайы. Ал да буга чейин президенттикке аттануу ниетин билдирген.
Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкало жетиштүү кол топтой албаганы үчүн катталган жок.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.