Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Тажикстандын Согди облусунда коронавирустан каза болгондор жок


Тажикстандагы дезинфекциялоо учуру. Апрель, 2020
Тажикстандагы дезинфекциялоо учуру. Апрель, 2020

Согди облустук бийликтин маалыматына караганда, облуста жарым жылда 6 миңден ашуун киши каза тапкан, бирок бирөөнүн да өлүмүнө коронавирустун тиешеси жок. Бул маалыматты 14-июль күнү Жарандык актыларды каттоо башкармалыгы тастыктады.

Башкармалыктын жетекчилеринин бири Фарахманд Нарзизоданын сөзүнө караганда быйыл жарым жылда Согди облусунда 6 063 адам дүйнөдөн кайткан. Бул былтыркы жарым жылга караганда дээрлик 300 адамга көп.

“Облустук ЗАГС COVID-19 вирусунан улам көз жумган бир да кишини каттаган жок. Бирок 203 адам расмий түрдө пневмониядан өлгөнү, 109 адам “өпкөсү жана жүрөгү ооруп” каза тапканы катталган”, деди Наризода.

14-июлга карата Тажикстанда коронавирус илдетине чалдыккан 47 адам жаңы катталды. Бир адам оорудан көз жумган. Жалпы оору жуктургандардын саны 6643. Илдеттен 5332 адам айыгып кетти. Вирус жуктуруп каза болгондордун саны 56 киши

XS
SM
MD
LG