Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Бир күндө пневмониядан 74, коронавирустан 11 бейтап көз жумду, көбү - аймактардан (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду. Бул тууралуу 15-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Пневмониядан кайтыш болгондордун 57си аймактарда, 17си Бишкекте. Март айынан бери өпкөсүнөн кагынып көз жумгандардын саны 571 адам болду. Жалпысынан мындай диагноз менен март айынан бери ооруканага 9204 адам жаткырылды, алардын 954и соңку бир суткада аныкталды. Кечээтен бери бул оорудан дарыланып жаткан 493 бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Бардыгы болуп 3415 бейтап айыгып кетти.

Коронавирустан кечээтен бери каза болгондордун төртөө Бишкекте, калгандары аймактарда. Кайтыш болгондордун жалпы саны 160 адам. Жалпысынан эпидемия башталгандан бери бул илдетке 11977 кыргызстандык чалдыкты, алардын 439у бир күндө катталды. Дарыланып жаткандардын 91и бир сутка ичинде үйүнө чыгарылып, бул боюнча жалпы көрсөткүч 3660 адам болду.

Адистер азыр денеси ысып, жөтөлгөндөрдүн баары коронавирус экенин айтып жатышат. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп кароодо. (RK)

XS
SM
MD
LG