Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Министрликтин эсебинде коронавирустан жалпысынан алты дарыгер каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин жалпы саны - алты. Расмий статистикалык маалымат ушундай экенин “Азаттык” радиосуна 15-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб каза болгондугун бышыктаган маркумдар төмөнкүлөр:

1. Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда каза болгон;

2. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, 59 жаштагы Альберт Исмаилов 2-июнда каза болгон;

3. Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери, 70 жаштагы Жамал Тазабекова 30-июнда каза болгон;

4. Ош шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары, 62 жаштагы Артыкбай Эралиев 7-июлда каза болгон;

5. Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы педиатр, 62 жаштагы Эдил Садыков 4-июлда каза болгон;

6. Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, 55 жаштагы Айчүрөк Келдибекова 14-июлда каза болгон;

Бул расмий статистика. Журналисттер өз эсептөөлөрүнө таянып, коронавирустан жана пневмониядан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 20га чамалап калганын болжолдошууда.

Соңку бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан медкызматкерлердин алтоо айыгып, үйүнө чыкты. Дагы 105 медицина кызматкерине диагноз жаңы коюлду.

Жалпысынан COVID-19 Кыргызстанда 11 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1980и медицина кызматкерлери. Ооруга чалдыккандардын 576сы айыгып чыкты.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. "Азаттыктын" бүгүнкү күнгө чейин канча дарыгерге канча сом төлөнүп берилгени тууралуу суроосуна Финансы министрлиги жооп бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG