Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Келишимдик негизде окууга тапшырчууларга босого балл 105ке түшүрүлдү


Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.
Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.

2020-жылы жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу бюджетке тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтики 60 деп белгиленди. Ал эми окуу жайга келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 болуп төмөндөтүлдү. Бирок, бул төмөндөтүү медицина жана фармация адистиктерине тиешеси жок. Бул тууралуу билим берүү министрлиги кабарлады.

Келишимдик негизде окууга тапшырууну 105 баллга түшүрүү чечими “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынды.

“Келишимдик негизде билим алуучулар үчүн босого баллдын 105 деп белгилениши - жогорку билим алууга далаалаттанган бүтүрүүчүлөрдүн өз эсебинен окуусуна жол ачат, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик окуу жайларды колдоо болуп саналат”, - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллын жылына атайын комиссия белгилейт. Мурунку жылдары окууга тапшыруунун бардык формасы үчүн босого чеги 110 балл деп коюлган.

Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тест тапшыруу 21-июндан башталып, 11-12-июль күндөрү аяктады. Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот. Быйылкы тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG