Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

Түндүк Македонияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Түндүк Македонияда парламенттик шайлоодо добуш берип жаткандар. 15-июль, 2020-жыл.
Түндүк Македонияда парламенттик шайлоодо добуш берип жаткандар. 15-июль, 2020-жыл.

Түндүк Македонияда 15-июлда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы Балкандагы бул мамлекеттин Евробиримдикке кошулуу багытын аныкташы мүмкүн.

Бул - өлкөнүн аталышы өзгөргөндөн кийинки алгачкы парламенттик шайлоо.

Апрель айында өтүүчү добуш берүү пандемияга байланыштуу жылдырылган.

Парламентке ат салышып жаткан «Македониянын социал-демократтар бирикмеси» партиясынын лидери, азыркы премьер-министр Зоран Заев коңшулар менен алаканы оңдоп, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна ыктап келет.

Ал 2017-жылы Греция менен тарыхый келишимге кол коюп, өлкөнүн аталышын Македониядан Түндүк Македония деп өзгөртүлгөн.

Анын башкы атаандашы, VMRO (Македониянын ички революциялык уюму) партиясынын лидери Христиан Микоски улутчул риторикаларды көп колдонуп, Заевдин саясатын сындап жүрөт.

Байкоочулар пандемияга байланыштуу добуш берүүгө келгендердин саны аз болушу мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Эки миллиондой калкы бар бул мамлекетте коронавируска кабылгандардын саны сегиз миңдей, илдеттен 380 киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG