Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

АКШ чет элдик студенттердин визасын жокко чыгаруудан баш тартты


Жоржтаун университетинин кампусу. Вашингтон. 11-май, 2020-жыл.
Жоржтаун университетинин кампусу. Вашингтон. 11-май, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын бийлиги күзүндө аралыктан окуусун уланта турган чет өлкөлүк студенттердин визаларын жокко чыгаруу планынан баш тартты.

Гарвард, Массачусетс Технологиялык институту баш болгон бир катар окуу жайлар АКШнын Иммиграция жана бажы агенттиги 6-июнда жарыялаган билдирүүгө каршы чыгышкан.

Ага ылайык, пандемияга байланыштуу күзүндө окуусу аралыктан улана турган студенттердин бардыгы өлкөдөн чыгып кетиши керек эле. Болбосо окуу имараттан уланган башка университеттерге которулушу керек деген билдирүү жарыяланган. Мунун кедергиси жүз миңдеген студенттерге тийе турганы айтылып жаткан.

Азырынча Кошмо Штаттардагы университет-коллеждердин көбү күзүндө окуу кандай уланарын жарыялай элек. Алардын айрымдары толугу менен аралыктан окуу системасына өтүүнү караштырып жатат. Башкалары аралаш окуу системасын көздөп турушат.

Чет өлкөлүк студенттер төлөгөн акча АКШдагы көп университеттердин каржы булагынын негизги бөлүгүн түзөт. Расмий маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттарда миллиондон ашуун чет өлкөлүк студенттер билим алат.

XS
SM
MD
LG