Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

COVID-19: Ош шаардык соту белгисиз мөөнөткө жабылды


Ош шаардык сотунун имараты.
Ош шаардык сотунун имараты.

Ош шаардык соту 15-июлдан тартып белгисиз мөөнөткө карантинге жабылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, тергөө судьялары жумуштун жагдайына жараша иштей беришет.

Осмонкулов белгилегендей, шаардык сотто отурумдар 11-июлда эле токтогон. Имарат абал турукташканча жабык болот:

“Оору жуккан эки судьянын бири өтүп кеткен. Эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган экинчи судья да бүгүн эртең менен каза болуп калды деген кабар келди. Дагы бир судьяга бир тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Ал азыр дарылануусун улантууда. Мындан тышкары, аппараттын жети кызматкеринен оору аныкталган болчу”.

Ош шаардык соту санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусунун негизинде жабылды.

Республикадагы башка сот органдары чектөөсүз иштеп жатышат.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG