Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Кыргызстанда дайынсыз кеткен кытайлык жаран изделип жатат


Кыргызстанда жол салган кытайлык жумушчулар.
Кыргызстанда жол салган кытайлык жумушчулар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө кытайлык «China Road» компаниясынын 41 жаштагы жумушчусу жоголуп кеткени тууралуу маалымат 10-июлда түштү. Анда жол курулушунда иштеп жаткан кытайлык жаран 6-июлдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда кытайлык жаранды издөө иштери улантылып жатат.

Кытайлык «China Road» компаниясы Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген жолду куруп жатат.

Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернатив жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG