Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

УКМК: Тергөө абагы карантинге жабылган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "атайын кызматтын тергөө абагы карантинге жабылды" деген маалыматтар жалган экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, санитардык эрежелерге ылайык, шектүүлөр менен жактоочулар айнек тосмо аркылуу жолугуп жатышат.

“Санитардык талаптарды сактоо менен айнек тосмо аркылуу жолугушуулар жүрүп жатат. Жакында эле бир катар депутаттар келип, Алмазбек Атамбаев менен жолугуп кетти. Анын ден соолугу канааттандыраарлык десек болот. Ал эми анын жактоочулары ооруп жаткандыктан, жолугушууга келе элек”, - деди Сулайманов.

15-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев "24.kg" агенттигине УКМКнын тергөө абагы карантинге жабылып, эч кимди киргизбей жатканын билдирген.

9-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулган.

Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына которулган. УКМК Атамбаев акыркы аптада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганын белгиленген. Атайын кызмат Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден "жугушу мүмкүн" деген маалымат тараткан.

Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага ооруну коопсуздук кызматы атайылап жуктурушу ыктымал экенин айтып чыгышкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча оор кылмыштар үчүн шек саналып, 2019-жылы 8-августта кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 23-июнда Биринчи май райондук соту аны «Батукаевдин иши» боюнча 11 жыл эки айга кескен.

Атамбаев жана анын тарапкерлери бардык айыптарды саясий куугунтук катары баалап келатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG