Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Беларус: акцияларда 300гө жакын адам кармалды


Беларустагы каршылык акциясына чыккандарды тартип коргоочулар кармап жатышат. Минск. 14-июль, 2020-жыл.

Беларустун бир нече шаарында болгон туш келди акцияларда 280дей киши кармалды. Бул тууралуу 15-июлда “Весна” укук коргоо борбору билдирди. Уюм кармалгандардын аты-жөнүн жарыялап жатат. Алардын саны көбөйүүдө.

Жүздөгөн адамдардын каршылык билдирип чыгуусуна Боршайкомдун мурдагы банкир Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалону президенттик шайлоого талапкер катары каттабай коюшу түрткү болду.

Бабарико уулу менен учурда камакта. Аларга арам акчаны адалдаштырган, пара алган, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Мурдагы банкир булардын бардыгын четке кагууда. Эл аралык Мунапыс уюму Бабарикону абийир туткуну деп атаган. Ал бул жолку шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болору айтылып жаткан.

Баш калаа Минскиде кармалгандардын саны эки жүздөн ашты. Алардын арасында окуяларды чагылдырып жүргөн медиа кызматкерлери да бар. Беларустагы Журналисттер ассоциациясы ондон ашуун кабарчы кармалып, кайра коё берилгенин билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Беларус бөлүмүнүн эки кызматкери кармалып, 15-июлга караган түнү бошотулду.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Боршайком беш талапкерди каттоодон өткөрдү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да бар.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG