16-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градус болот.