Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Президент Октябрь райондук сотуна сунушталган он судьянын үчөөнү колдогон жок


Президент Сооронбай Жээнбеков жети талапкерди жергиликтүү соттордун судьясы кылып дайындоо жана милдеттерин аткарууга жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Жарлыкка ылайык Октябрь райондук сотунда судья болуп иштөөгө Болотбек Абдуллаев, Кымбат Архарова, Бекболот Жаналиев, Альбина Жээнбекова, Аида Жогоштиева, Дамирбек Назаров, Нурлан Эсенбаев жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Октябрь райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыктан, алардын ордуна Сотторду тандоо кеңеши президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна 10 талапкерди сунуштаган.

Мамлекет башчы 10 талапкер жөнүндө материалдар менен таанышып, алардын үчөөнү Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарды. Мындай чечим кабыл алууда үч талапкер жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтар эске алынган.

Президент дайындоодон баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү ачыкталган жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG