Кыргызстанда майыптыкты күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдеди. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн тиешелүү токтому 1-июнда кабыл алынган:
“Медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүү тартиби кыйла жеңилдетилди. Эми кемтиги бар адамдар биринчи кайрылганда эле мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Маселен, буга чейин, буту кесилген адамдарга жарааты бүткөнгө чейин экинчи топтогу майыптык берилип келген болсо, азыр дароо мөөнөтсүз күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эки көзүнөн же бир жак өпкөсүнөн айрылгандар да биринчи жолу кайрылганда эле майыптыгы мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Бул адамдарга жекече реабилитациялоо программасы беш жылга дароо түзүлөт да, 2,5 миңдей адамдын жагдайы жеңилдеди дегенди түшүндүрөт”.
Министр кошумчалагандай, бала кезинен майып, бирок ошол тууралуу документи жокторго да мындай макам берүү жол-жобосу жеңилдетилди. Мындан тышкары дагы бир топ өзгөртүүлөр киргизилди.
Майыптыгы тууралуу документи барларга мамлекет жөлөкпул төлөп, түрдүү социалдык жеңилдиктерди берет.
Мындай документ алыш үчүн майып адам атайын комиссиядан өтүшү керек. Буга чейинки эреже боюнча, мөөнөтсүз деген аныктама майыптыгын далилдей турган адам комиссиядан бир нече жолу өткөндөн кийин гана берилчү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек. Укук коргоочулар өлкөдө майыптарга жетиштүү кам көрүлбөгөнүн айтып жүрүшөт. (RK)