Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Маркум Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жүрүп, оору жуктуруп көз жумган 22 жаштагы Адинай Мырзабекова “Эрдик” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 15-июлда кол койду. Жарлыкта “Ахунбаев атындагы медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды” деп жазылган.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова 13-июлда кечке жуук каза тапкан. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги стационарлардын биринде абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” 11 күн иштеген. Баштапкы маалыматка караганда, Адинайдын өлүмүнө эки тараптуу пневмония себеп болгон.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG