Түркия Орусия менен аба каттамын жандандырат. Бул маалыматты Anadolu агенттигине Түркиянын транспорт жана инфраструктура министрлиги маалымдаган. Орусиянын Транспорт министрлиги азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Росавиация да маалымат бербей жатат.
Түркиянын мамлекеттик Turkish Airlines компаниясынын кызматкериазырынча Орусияга каттамдарды жандандыруу боюнча так план жоктугун РИА Новости агенттигине билдирген.
Тurkish Airlines Орусиянын шаарларына билеттерди 1-августтан кийинки каттамдарга сатып жаткан.
Бир күн мурун Орусиянын туроператорлор ассоциациясы сегиз өлкө туристтерди кабыл алууга даяр экенин билдирген. Ассоциациянын аткаруучу директору Майя Ломидзе "Интерфакска" билдиргендей, алар Түркия, Мальдива, Куба, Доминикан, Египет, Хорватия, БАЭ жана Мексика. Алардын көпчүлүгү орусиялык туристтерден COVID-19 жоктугу тууралуу маалымкат талап кылат.
Орусиянын өкмөтү мурдараак эл аралык каттамдарды 15-июлдан тарта жандандырууга даярдыгын билдирген. Орус тараптын талабы боюнча чет мамлекет да орусиялыктарды кабыл алууга даяр болушу керек. Ошол эле учурда каттамдар коронавирус менен ооругандар 100 миң адамга 40 адам туура келген өлкөлөргө гана ачылары айтылган.
1-июлдан тарта айрым өлкөлөргө чек арасын ачкан Евробиримдик Орусияны тизмеге киргизген эмес.
Азыр Орусиядан менчик учактарда же чартердик каттамдар аркылуу гана учуп чыгууга мүмкүн.
Пандемиядан улам Орусия 27-марттан тарта эл аралык каттамдарын токтоткон.