Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Казакстан каза тапкан 42 медицина кызматкерине сыйлык ыйгарды


Аза күтүп турган медицина кызматкерлери. Казакстанда 13-июль коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандарга жалпы Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев пандемияга каршы күрөштө коронавирус жуктуруп жана пневмониядан каза тапкан 42 медициналык кызматкерге сыйлык ыйгарды. Президенттин жарлыгы 13-июлда, коронавирус пандемиясынан каза тапкан адамдарга жалпы аза күтүү күнүндө жарыяланды.

Эки дарыгерге жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сыйлык берилди. Алар: Кокшетау шаардык ооруканасынын бөлүм башчысы Олег Исаев менен Актөбөдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Калихан Козбагаров. Башка дагы 40 медицина кызматкерине сыйлык ыйгарылды. Арасында дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана “Тез жардам” унаасынын айдоочулары бар.

Аза күтүү күнү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 вирусунан өлдү делген отуздан ашуун дарыгердин тизмесин жарыялап, бирок ошол эле күнү кайра алып салды.

Казакстанда март айынан бери коронавируска жүздөгөн дарыгерлер кабылган. Борбордук инфекциялык ооруканада эле 300дөн ашуун медициналык кызматкер ковид жуктурган. Акыркы жумаларда өлкөдө коронавирустан же пневмониядан каза тапкан медкызматкерлердин саны арбыды.

Казакстанда коронавирус илдетине 63 514 адам чалдыкты. Расмий маалыматтар боюнча оорудан 375 адам көз жумду.

АКШнын Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Казакстан оорулардын көптүгү жагынан дүйнөдө 30-орунда турат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG