Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Саламаттык сактоо министрлиги “Семетейдеги” видео боюнча билдирүү таратты


Кубатбек Боронов "Семетей" бейтапканасында. 2020-жыл, 13-июль.
Кубатбек Боронов "Семетей" бейтапканасында. 2020-жыл, 13-июль.

Саламаттык сактоо министрлиги Интернетте “Семетей” обсервациясында (мурдагы "Ганси" аскердик базасы) медициналык жабдыктарды өкмөт башчы келгенде гана алып келип, кайра алып кетишти” деген маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Семетей” обсервациясынын координатору Айбек Койчуманов жандандыруу бөлүмүнө заманбап кычкылтек концентраторлору орнотулганын жана медициналык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрү тууралуу эскертти.

Буга чейин Интернетте “Семетей” бейтапканасында өкмөт башчы келерге жакын медициналык жабдыктарды алып келишип, ал кеткенден кийин кайра алып кетишти” деген видео тараган.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов аталган жайга 13-июлда барган. (TSh)

XS
SM
MD
LG