Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Боронов Орусиянын өкмөт башчысы менен телефондон сүйлөштү


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өкмөт башчылар эки мамлекеттин кызматташуусу жана Евразия экономикалык биримдигиндеги алака боюнча да пикир алмашты.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков "Твиттердеги" баракчасында 26-июнда жана 3-июлда эки өлкө башчысы телефондон сүйлөшкөнүн жана жакын арада Орусиядан кезектеги жардам келиши күтүлүп жатканын жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG