Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

COVID-19: Адистер республикалык штабды "кош стандарттуулукка" айыпташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын “Илимий-консультациялык комитет” деген бирикмеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, коронавирус менен пневмонияны өз-өзүнчө эмес, чогуу кароого чакырды.

Мурдагы министр Талантбек Батыралиев баштаган окумуштуулар жана дарыгерлер тобунун атынан жарыяланган кайрылууда коронавирустун статистикасында кош стандартуулук болуп жатканы, дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан гана көз каранды экени, Дүйнөлүк саламаттык уюмунун сунуштарында да, Кыргызстандын протоколдорунда да белгилери жагынан коронавируска окшогон пневмониянын баары СOVID-19 катары дарыланышы зарыл деп жазылганы белгиленди.

Кайрылууга адистер Б.К.Барыктабасова, Н.Н.Бримкулов, А.А.Зурдинова, Б.А.Камбаралиева, О.Т.Касымов, А.З.Кутманова, И.К.Молдоташев, С.Т.Мукеева, Д.А.Осмонов, А.Ш.Сарыбаев, И.Ж.Сатылганов жана Ш.А.Сулайманов кол коюшту.

Алардын белгилешинче, коронавирусту тааныбай коюу бир бейтапты туура эмес дарылоодон тышкары эпидемиологиялык жактан да кооптуу экени айтылды. Себеби, адистер белгилегендей, бул илдет менен ооруп жаткан адам өзү да, анын жакындары да СOVID-19 боюнча кабыл алынган эрежелерди сактабай, бейтапкана-ооруканаларды ээн-эркин кыдырып, башкаларга да жуктуруп жаткан болушу ыктымал.

Штабга кайрылгандар өпкөсүнөн кагынгандардын баарына СOVID-19 диагнозу коюлуп, бейтаптын абалына жараша тийиштүү дарылоо жүргүзүлүшү керектигин айтышты.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус менен пневмонияны эки башка эсептөө тууралуу чечим өлкөдөгү саламаттык сактоо системасындагы адистер менен кеңешип кабыл алынганын айтып, “Адистердин айтканына караганда, коронавируска ишенбей, көңүл бурбай жүрүп отуруп ошонун өтүшүп кеткен формасы” деген.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова Кыргызстан пневмонияны коронавирус статистикасына кошуп эсептегени жатканын 8-июлда билдирген. Бирок азырынча республикалык штаб эки илдет тууралуу маалыматты өз-өзүнчө таратууда. Пневмония болгон канча бейтап ооруканада жатканы жана алардын абалы дээрлик айтылбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG