Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

ЖРТ: Эң жогорку баллды Кабылан-Көл айылындагы мектептин окуучусу алды


Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.
Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.

Жалпы республикалык тестирлѳѳнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 53 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болушту. Эң жогорку баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды. Анын баллы – 229 болгон.

Жогорку балл алгандардын 28и Бишкек шаарында, үчөө Ош шаарында, алтоо Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, экөө Талас облусунда, алтоо Баткен облусунда, төртөө Ысык-Көл облусунда жана Нарын, Жалал-Абад облустарында бирден окуучу.

Жогорку упай алган 53 бүтүрүүчүнүн тизмесин көрүү үчүн бул жакты басыңыз.

Ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган 700гө жакын бүтүрүүчү 13-14-июлда тест тапшырышты. Алардын жыйынтыгы 17-июлда чыгат.

2020-жылы жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу бюджетке тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтики 60 деп белгиленди. Ал эми окуу жайга келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 болуп төмөндөтүлдү. Бирок бул төмөндөтүү медицина жана фармация адистиктерине тиешеси жок.

Келишимдик негизде окууга тапшырууну 105 баллга түшүрүү чечими “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынган.

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллын жылына атайын комиссия белгилейт. Мурунку жылдары окууга тапшыруунун бардык формасы үчүн босого чеги 110 балл деп коюлган.

Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тест тапшыруу 21-июндан башталып, 11-12-июль күндөрү аяктады. Сынактын жыйынтыгы 13-19-июлдун аралыгында белгилүү болот. Быйылкы тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG