Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Жээнбеков стационарда иштеп жатып каза болгон ыктыярчы кыздын үйүнө барды


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Адинайдын апасы Дилбар Молдокулова.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Адинайдын апасы Дилбар Молдокулова.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын үйүнө барып куран окутуп, ата-энесине көңүл айтты. Бул тууралуу 16-июлда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков «Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат» деди.

Адинайдын ата-энеси ал мектептен бери медицина кызматкери болууну кыялданып, Ысык-Атанын Юрьевка айылынын орто мектебин мыкты аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга өткөнүн айтып беришти. Адинай төрт кыздын улуусу экени айтылды.

15-июлда Жээнбековдун жарылыгы менен Мырзабекова “Эрдик” медалы менен сыйлаган.

Медакадемиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Марипова Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жатып 13-июлда каза болгонун “Азаттыкка” анын курсташы айтып берген.

Саламаттык сактоо министрлиги ыктыярчы кыздын өлүмүнө, баштапкы маалыматка караганда, пневмония себеп болгонун жарыялаган.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG