Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Министрлик: Жаңы алынган "Тез жардам" машинесинин үчөө 90 миң доллардан бааланган


Жаңы сатып алынган тез жардам автоунаалары. 15-июль, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги жаңы алынган "Тез жардам" автоунааларынын баасы боюнча Интернет колдонуучуларынын сынына жооп берди. Министрликтин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов автоунаалардын сапаты баасына туура келе турганын билдирди.

Анын айтымында, 13 машиненин үчөө экинчи класстагы реанимобил. Анда кубаттоочу шаймандар менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Бул “Форд Транзит” үлгүсүндөгү ар бир машине 90 миң доллардан алынган. Калганы дизель менен жүрүүчү 4WD “Соболь” (Газель) үлгүсүндөгү машинелер. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек баллондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен 49 миң доллардан айланган.

Исмаилов сатып алуулар тендердик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

“Тендерге төрт фирма катышкан. Алардын ичинен кызмат акысын арзанга сунуштаган компанияны тандап алдык. Бул "Тез жардам" автоунааларынын комплектациясы, жөнөкөй машинелерге салыштырмалуу башкача болот. Бул жакта бекитилген өзүнчө эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Биз жаңы техникаларды текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди”, - деди Исмаилов.

15-июлда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы "Тез жардам" машинесин сатып алганын маалымдаган. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар экенин жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгонун кабарлаган.

Социалдык тармактарда “Форд Транзит” жана “Соболь” (Газель) автоунааларынын Интернеттеги баасы арзан экени, бийлик машинелерди кымбат сатып алганы тууралуу пикирлер тарап жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG