"Твиттерде" "Microsoft " компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин, "SpaceX", "Tesla" компанияларынын башчысы Илон Масктын, "Amazon" компаниясынын башчысы Жефф Безостун, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын, мурдагы вице-президент, Демократтар партиясынан президенттикке талапкер Жо Байдендин, рэп ырчысы Канье Уэст менен анын аялы Ким Кардашьян баштаган бир катар алдыңкы саясатчылардын, коомдук ишмерлер менен шоу-бизнестин атактуу өкүлдөрүнүн барактарына хакердик чабуул жасалды.
Белгисиз адамдар алардын барактарын бузуп кирип, кайсы бир капчыкка биткоин которсо, аны 30 мүнөттүн ичинде эки эселеп кайтарып берилери тууралуу жарнама жайгаштырып коюшкан.
Хакерлер бул барактарды кантип бузуп киргени азырынча белгисиз.
"Твиттердин" негиздөөчүсү жана башкы директору Жек Дорси хакердик чабуул тууралуу комментарий берип жатып, жагдайды "оор күн " деп атады. Ал чабуулга байланыштуу иликтөө жүргүзүлөрүн, анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилерин убада кылды.