Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

Мирзиёев саламаттык сактоо министрине, Ташкенттин акимине сөгүш берди


Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус пандемиясынын алдын алуу иш-аракеттери жетиштүү көрүлбөгөндүктөн жана эпидемиологиялык абалдын начарлап кеткенине байланыштуу бир катар жооптуу кызматкерлерди жемеледи.

Президенттин маалымат кызматы 15-июлда онлайн форматтагы жыйында саламаттык сактоо министри менен Ташкент облусунун акимине сөгүш жарыяланганын билдирди.

Мирзиёев анда Ташкент шаары менен Ташкент облусундагы жетекчилерди "ооруканалардагы чыныгы абалды билбейт, жарандарды вирустан коргоо, аларды дарылоо боюнча жоопкерчилигин сезбейт" деп айыптаган. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы айда коронавируска кабылгандарды "дарылоо боюнча ыкма-эрежелерди бузган, дарылоо тажрыбасын реалдуу абалды эске алуу менен өзгөрткөн эмес" деп белгилеген.

Мирзиёев ошондой эле дары-дармектин баасы негизсиз эселеп кымбаттап кеткенин, бул өз кезегинде жарандардын нааразылыгын жаратканын белгилеген.

Өзбек президенти өкмөткө Ташкент шаары менен Ташкент облусунда бардык министрлик-мекемелердин жетекчилеринен турган, күнү-түнү иштеген штаб түзүүнү тапшырды. Ошондой эле бейтапканалардын алдындагы мобилдик топтордун санын үч эсе көбөйтүүгө милдеттендирди.

Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда соңку бир күндө коронавирус дагы 494 адамдан табылды. Вирусту жалпы 14 миңден көп киши жуктуруп алды, 67 бейтап көз жумду.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG