Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

Пневмония жана коронавируска чалдыккандарды акысыз дарылоо чечими кабыл алынды


Кыргызстандагы убактылуу бейтапканалардын бири.
Кыргызстандагы убактылуу бейтапканалардын бири.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлдагы онлайн брифингде өлкөдө пневмония жана COVID-19 илдетине кабылгандар акысыз дарылана турганын билдирди.

“Кыргыз жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды акысыз дарылоо тууралуу чечим кабыл алынды”.

Калыковдун айтымында, күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге кенемте төлөнөт. Жыл башынан бери республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кенемте төлөмдөргө 233,7 миллион сом бөлүнгөн.

Өлкө боюнча 20 миңден ашык медициналык кызматкер ( 5308 дарыгерлер, 9556 орто медкызматкер, кенже медкызматкер 3398, 2671 ар кандай кызматкерлер) кенемте алышты. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн. сом өлчөмүндө кенемте төлөндү.

Расмий маалыматка караганда, 16-июлда өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республикада 2076 медициналык кызматкерден коронавирус табылып, анын 583ү айыкты. Өкмөт алты медициналык кызматкер коронавирус менен күрөшүп жүрүп, илдет жуктуруп алгандан кийин каза болгонун маалымдаган. Бирок расмий эмес маалыматтарда коронавирус козгогон пневмониядан каза болгон ак халатчандардын саны мындан бир топ көп. (TSh)

XS
SM
MD
LG