Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Бишкек: Сүйүү паркынын ордунда Ден соолук паркы салынууда


Ден соолук паркы.
Ден соолук паркы.

Бишкекте Ден соолук паркынын курулуш иштери аяктап келе жатат. Бул тууралуу 16-июлда борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматов проспектинин боюнда жайгашкан мурдагы Сүйүү паркынын ордуна ачыла турган Ден соолук паркынын жалпы аянты 10 гектар болот.

Ички жолдору, 300 автомашина бата турган токтотмосу, медпункту, дааратканалары салынып бүтүп, 115 отургуч коюлду.

Азыркы тапта спорттук аянтча даярдалууда. Анын четинде чуркоого ыңгайлуу атайын резине капталган айланма жол болот. Ичинде футбол жана баскетбол талаалары, чоң шахмат тактасы жана велодром салынат.

Шаар бийлиги соңку жылдары түштүк тарапта төрт, түндүк жакта эки жаңы парк курууну пландаган. (RK)

XS
SM
MD
LG