Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Стамалиева: Колдогондор менен катар ачык сындагандар да бар, бул табигый көрүнүш


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Президенттик аппарат өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бийлик жетекчилерин жоопко тартуу тууралуу демилгеге жооп берди. 16-июлда мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттык” радиосуна төмөнкүдөй пикирин билдирип, бийликти сындоо табигый көрүнүш экенин белгиледи:

“Азыр өлкө тагдырында, элибиздин турмушунда жеңил эмес учурду башыбыздан кечирип жатабыз. Мындай мезгилде мамлекеттик бийликке болгон суроо-талап күчөрүн өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жакында мекендештерибизге кайрылуусунда да айтты. Мамлекет башчысы өлкөнүн адамдык, каржылык ресурстарын мобилизациялап, ушул кыйын кезеңден алып чыгуу максатында болгон аракетти жасап жатат. Ага баарыбыз күбөбүз. Колдогондор менен кошо ачык сындагандар да бар, бул табигый көрүнүш. Биз жарандык коому күчтүү демократиялык мамлекетпиз. Азыр саясий демилгелердин да кызый баштаган мезгили. Социалдык тармактарда пикир билдирүү укугу чексиз, эркин. Ошондуктан, коомубуздун ар кыл өкүлдөрү бардык маселе боюнча эксперттик түрдүү пикирлерин, кээде укмуштай идеяларды да билдирип жатканына күбөбүз. Мындай демилгелерди биз негизинен эмоционалдык-саясий, же азыркынын тили менен айтканда “хайп” жаратуу максатында жасалып жаткан аракет деп баалайбыз”.

15-июлда Башкы прокуратура Раушан Айткулова аттуу жарандан бийлик жетекчилерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жоопко тартуу боюнча арыз түшкөнүн ырастаган. Айткулова пандемияда каза болгон адамдардын өлүмү үчүн президентти, азыркы жана мурдагы өкмөт башчыны, өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу тууралуу Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңешке кайрылганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG